Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 07.07.2014 11:41

Оштун көчөлөрүнө бүгүн таштанды үчүн дагы 250 урнаа орнотулат

Turmush -  Ош шаарынын көчөлөрүнө таштанды үчүн бүгүн, 7-июль күнү дагы 250 урнаа орнотулат. Бул туурасында Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын жетекчиси Айгүл Наватова билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, бул урналар үчүн шаардык мэрия тарабынан 200 миң сом каражат бөлүнүп берилген. Урнаалар чарбачылык ыкмада жасалып, учурда урнаалар боелуп бүттү жана орнотууга даяр. Ал эми урнаалар Ленин, Курманжан Датка, Монуев, Кара-Суу көчөлөрүнө орнотулат, ал көчөлөрдө урнааларды орнотуу үчүн жерлер казылып даярдалууда.

«Бул шаардын тазалыгын камсыздап, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын кызматкерлеринин ишин жөнөкөйлөштүрөт», - дейт А.Наватова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×