Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуНоокат району 07.07.2014 12:13

Ноокатта окуучулар каникул мезгилде коомдук тамактануучу жайларда жана базарларда иштөөдө

Turmush -  Ош облусуна караштуу Ноокат районунда каникул учурунда мектеп окуучулары коомдук тамактануучу жайларда, базарларда жана вулканизацияларда иштеп жатышат. Бул туурасында аймактык кабарчыга Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев билдириди.

Ал 27-июнь күнү раймамадминистрацияда өткөн коллегияда мекеме, ишкана жетекчилерине жана айыл өкмөт башчыларына билдирген.

Анын берген маалыматы боюнча, эмгекти коргоо кодексинде 14 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөр төрт саатка чейин иштегенге укуктуу. Бирок ата-энесинин макулдугу, жана окуучунун келишиминин негизинде иштеткенге болот.

«Бул келишимдер дагы, макулдашуулар дагы мекеме иш каналарда жүргүзүлбөй жатат», - деп билдирди М.Маматалиев.

Анын билдириши боюнча, айрым жерлерде 10 жашка чейинки өспүрүмдөр дагы иштеген учурлар кездешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×