Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуНоокат району 07.07.2014 12:51

Ноокат районундук билим берүү башкармалыгына Олимпиадалык резерв түзүү тапшырмасы берилди

Turmush -  Бүгүн, 7-июлда Ноокат районунда аппараттык жыйын өтүп, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев башталгыч класстардын окуучуларынын арасында Олимпиадалык резерв түзүүнү райондук билим берүү башкармалыгын жетектөөчү адиси Минавар Каратаевага тапшырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бул олимпиаданы өткөрүүнүн негизги максаты окуучулардын каллиграфиясын жакшыртуу, олимпиадалык резерв түзүү жана аларга стимул жаратуу болуп эсептелинет.

«Биз окуучуларды олимпиадага системалуу даярдап баруубуз зарыл. Бирок, биз аны колго албай, олимпиада өткөндөн кийин даярдоону улантпай жатабыз. Мунун натыйжасында олимпиаданын республикалык турунан жакшы жыйынтыкка жетише албай жатабыз», - дейт билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×