Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу 07.07.2014 13:13

Ош жана Баткенде КРда социалдык коргоону өнүктүрүүнүн стратегиясынын мониторинги талкууланды

Turmush -  Ош жана Баткен шаарларында 26-30-июль күндөрү үй-бүлөлөрдү жана оор шарттагы балдарды социалдык коргоонун алкагында 2012-2014-жылдар аралыгында КРда социалдык коргоону өнүктүрүүнүн стратегиясынын мониторинги жана аны баалоонун жыйынтыгына арналган тегерек столдор өттү.

Маалыматка ылайык, тегерек столду Жогорку Кеңештин дерутаттары, балдардын укугун коргоочулардын лигасы жана нидерланддык Хельсинфондунун колдоосу астында балдардын жана аялдардын социалдык-экономикалык укуктары боюнча иш алып барган бейөкмөт уюмдардын коалициясы уюштурду.

Белгилей кетсек, 2012-201-жылдар аралыгында КРнын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн стратегиясынын мониторинги депутат Ширин Айтматова («Ата Мекен») менен балдар жана аялдардын социалдык-экономикалык укуктары боюнча иш алып барган бейөкмөт уюмдардын коалициясынын демилгесинин негизинде жүргүзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×