Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу 07.07.2014 13:46

Ош окуясынан жабыркаган үй-бүлөлөргө салынган үйлөр ээлерине тапшырылып берилди

Turmush -  2010-жылы Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн каргашалуу окуядан жабыркагандарга Бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы тарабынан 36 үй-бүлөгө ылайыкталган заманбап үйлөр курулуп берилди. Бул туурасында жаштар ассамблеясынын басма сөз катчысы Рахматулло Мухаммад билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, жаңыдан курулган үйлөрдү өз ээлерине тапшыруу аземи 5-июль күнү Мады айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Булак айылында болуп өттү. Ал үйлөрдүн ачылыш аземине ЖКнын вице-спикери Төрөбай Зулпукаров, депутат Акылбек Султанов, КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын презденти Саид Баюми жана башка бир топ коноктордун катышты.

Куттуу орозо айынын урматына катышкан конокторго ифтарлык өткөрүлдү. Ал үйлөрдө уктоочу бөлмө, ашкана, веранда ошондой эле ажаткана жана башка турмуш тиричиликке керектелүүчү жагдалары менен кошо бүткөрүлдү. 2 км аралыктагы жерге суу түтүкчөлөрү орнотулуп алты жерге суу калонкалары, 20 дан ашык столбаларга 2 км узундуктагы электр чубалгылары орнотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×