Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 07.07.2014 16:00

Ош окуясынан жабыркаган үй-бүлөлөргө салынган үйлөр өз ээлерине тапшырылды (фоторепортаж)

Turmush -  2010-жылдагы каргашалуу Ош окуясынан жабыркагандарга «Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы» тарабынан 36 үй-бүлөгө ылайыктуу заманбап үйлөр курулуп берилди, деп билдирет Ассамблеянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Жаңыдан курулган үйлөрдү өз ээлерине тапшыруу аземи 5-июль күнү Мады айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Булак айылында болуп өттү.

Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров, депутат Акылбек Султанов, КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооранбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, БДЖАнын президенти Саид Баюми катышты.

Ошондой эле, 2 чакырым аралыктагы жерге суу түтүктөрү, алты жерге суу чорголору орнотулуп, 20дан ашык электр мамычаларына 2 чакырым узундуктагы электр чубалгылары тартылып, ар бир үй электр жана таза суу менен камсыз болду.

Мындан сырткары ар бир үйдүн короосу темир тосмолор менен тосулуп, заманбап дарбазалары менен жабылды.

Эскерте кетсек, 2010-жылкы коогалаңда БДЖАнын жетекчиси Саид Баюминин жетекчилиги астында чоң көлөмдөгү гуманитардык жардамдар көрсөтүлгөн.

IMG_2616 IMG_2623 

IMG_2640 IMG_2642 

IMG_2618 IMG_2621 

IMG_2644 IMG_2675 

IMG_2676 IMG_2766 

IMG_2768 IMG_2790 

IMG_2791 IMG_2906 

IMG_2909 IMG_2932 

IMG_2967 IMG_2985 

IMG_2991 IMG_3012

34e72e01549517ca889733401dae9337 IMG_3090 

6309ae435081f59f26d62a77f7d70008 fb490eb965ddee2750248cf8742c1f04

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×