Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу 08.07.2014 11:46

Түштүктө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берилген эскертүүлөргө карата аткарылган иштер боюнча тандамалык текшерүү жүргүздү

Turmush -  Оор абалдарды башкаруу борбору тарабынан текшерүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүндө тандамалык текшерүү жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Министрликтин Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук бөлүмүндө жана Ош облусунун Алай райондук бөлүмүндө текшерүү болду.

Маалым болгондой, текшерүүнүн жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгына 31 телефонограмма жана 3 буйрук, ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына 32 телефонограмма жана 8 буйрук берилген.

Тандамалык текшерүүдө аба ырайынын чукул өзгөрүшү тууралуу эскертмелер берилген күндөргө карата аталган райондордо эскертмелерге өз убагында көңүл бурулуп, тиешелүү иш-чаралардын аткарылгандыгы белгиленди.

Аткарылган иштер боюнча кайра маалымат берүү боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы тарабынан тиешелүү тапшырмалар коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×