Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 08.07.2014 13:50

Ошто бир катар салыкчылар кесиптик майрамына карата сыйланышты

Turmush -  Ош шаарынын салык кызматкерлери бүгүн, 8-июль күнү өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешти.

Анын алкагында Ош шаардык мэриясы, Ош шаардык профсоюздар комитети, түштүк райондор аралык салык кызматы тарабынан өз кызматын ийгиликтүү жана ак ниет аткаргандыгы үчүн бир катар салыкчылар Ардак грамота, акчалай сыйлык жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Ошондой эле шаардык профсоюз комитети тарабынан 2014-жылдын жай мезгилине 2 адамга эс алууга жолдомо берилмек болду.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Замирбек Аскаров, Ош шаардык профсоюздар комитетинин төрагасы Сейит Мусаев, Түштүк райондор аралык салык кызматынын жетекчиси Тургун Туташев, Ош шаардык мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Иляз Иманбетов жана башкалар катышты.

Вице-мэр З.Аскаров аларга ийгилик каалап, үй-бүлөлөрүндө бейкуттук болушуна тилектештигин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×