Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Озгон 09.07.2014 11:00

Өзгөн шаарында жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан ажааткананын курулушу жакында башталат, - вице-мэр

Turmush -  Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарынын Жаныбек казы шаарчасындагы ажааткана кулап кетүү коркунучунда турат. Ажааткана көп жыл мурун курулган жана 5 жылдан бери авариялык абалда турат. Мындай маалыматты шаар тургундары билдиришүүдө.

«Бул ажааткана жашоочулар үчүн кооптуу жагдай түзүүдө. Бул ажааткана көп жылдан бери ушул бойдон турат. Анын айланасында жаш балдар ойноп жүрөт», - дешет алар.

Бул маселе боюнча Өзгөн шаарынын вице-мэри Рахман Атажанов ажааткананы куруу боюнча учурда долбоор иштелип чыкканын айтат.

«Даараткананын авариялык абалы жөнүндө тастыктама кагаз жок, бирок ал чындыгында авариялык абалда турат. Шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу аркетиндебиз. Учурда ага карата 100 миң сом каражат бөлүнүп, инженердик техника алынды. Буюрса, 10 күндө курулуш иши башталат», - дейт Р.Атажанов.

Кошумчалай кетсек, ажаатканын узундугу 5 метр, ал эми туурасы 3 чарчы метр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×