Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу 09.07.2014 12:11

Акыркы 24 саат ичинде түштүктө 10 өрт кырсыгы катталды

Turmush -  Акыркы 24 саат ичинде түштүктө 10 өрт кырсыгы катталып, негизинен турак үйлөр жана жыгач чарба курулуштары күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунда Айдаркен шаарынын чет жакасында жайгашкан Дачный айылында шифер менен жабылган жыгач бастырма өрттөнүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Мындан тышкары, Ош шаарынын Шакиров көчөсүндө жеке турак үйдүн короосунан өрт чыгып, терезе жана башка мүлктөрү күйүп кетти. Маалымдалгандай, өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы айыл аймагынын Большевик тилкесинде шифер менен жабылган 156 чарчы метр жыгач сарай, 68 чарчы метр каптама (облицовка), 18 чарчы метр жыгач пол, 4 эшик, 3 терезе жана башка мүлктөр өрттөнүп, жараксыз абалга келди. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Чын-Курулуш айыл аймагынын Жапаров көчөсүндө жайгашкан жеке турак үйдүн короосунан өрт чыкты. Натыйжада 15 чарчы метр бастырма, 60 таңак чөп күйүп кетти. Белгилүү болгондой, балдардын от менен ойноосу өрткө себеп болгон.

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Сузак айылында шифер менен жабылган 153 чарчы метр жыгач сарай өрттөнүп кетти. Аны менен бирге чарба курулушунун 2-кабатынын 30 чарчы метри күйүп кетти. Маалым болгондой, электр сымдарынын тийишип кетүүсү өрттүн чыгышына алып келген.

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Кызыл-Жар айылынын Барпы көчөсүнөн шифер менен жабылган 51 чарчы метр жыгач бастырма жана 150 таңгак пресстелген чөп күйүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×