Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусу, Ош 09.07.2014 12:17

Ош шаарында «Жаштар ынтымагы» акциясы өтөт

Turmush -  Ош шаарында 11-июль күнү «Жаштар ынтымагы» аттуу жаштарга арналган акция өтөт. Бул тууралуу Жаштар комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Каныкей комплексинин жанында жаштар арасында тынчтык жана келишимдүүлүктү түзүү боюнча акция өтөт. Акциянын жүрүшүндө көңүл ачуучу сынактар жана бийлер, ошондой эле, ата-мекендик эстрада жылдыздарынын концерттик программасы уюштурулат.

Белгилей кетсек, иш-чараны Ош шаардык мэриясынын алдындагы Жаштар комитети жана «Ынтымак» облустук теле-радио берүү корпорациясы уюштурууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×