Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 09.07.2014 16:19

Ошто борбордук жылуулукка кошулбаган көп кабаттуу үйлөр кышында көйгөй жаратышы мүмкүн, - вице-мэр

Turmush -  Ошто борбордук жылуулукка кошулбаган көп кабаттуу үйлөр кышында көйгөй жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдрахман уулу Ош шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясынын отурумунда билдирди.

Анын айтымында, Ошто 279 көп кабатуу үйдүн 20сы, ошондой эле 17 жатакана борбордук жылуулук түйүнүнө кошулган эмес. «Кыш мезгилинде газдын жоктугуна байланыштуу алар электр энергиясын колдонуп, шаарда авариялык абал жаратуулары мүмкүн», - деп билдирди вице-мэр.

Ошондой эле Жылуулук электр станциялары менен Райондук электр станцияларына аталган үйлөр жана жатаканалардагы көйгөйлөрдү чечүү максатында чара көрүүнү сунуштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×