Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Озгон 09.07.2014 17:23

Өзгөн шаардык мэриясында коомдук дааратканалардын санитардык абалы талкууланды

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн шаардык мэриясында бүгүн, 9-июлда шаардын коомдук дааратканаларынын санитардык абалы боюнча кызматтардын жетекчилери менен шаардын биринчи вице-мэри М.Тайлаков жетектеген отурум болуп өттү.

Шаардын администрациясынан маалымдалгандай, коомдук дааратканалардын абалын иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына шаардын башкы архитектору, райондук СЭСтин башкы доктуру, райондор аралык экотехинспекциянын өкүлү кирди.

Маалым болгондой, мэр тарабынан түзүлгөн комиссия калк жыш жайгашкан жерлердеги жана колхоз базарынын айланасындагы коомдук дааратканалардын техникалык-санитардык абалын текшерип, көйгөйлөрдү жеринде чечүү маселеси коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×