Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 09.07.2014 17:41

Ош шаарына 1,4 млн сомдук 3 трансформатор алынып келип, кичи райондорго орнотулду

Turmush -  Ош шаарындагы айылдарды электр жарыгы менен камсыздоону жакшыртуу багытында трансформаторлор орнотулууда. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, учурда Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан электр жабдыктары алынып келинип, орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Ага жергиликтүү бюджеттен 1 млн 457 миң 800 сом каралып, 3 трансформатор алынып келинип, орнотулду.

Алар: Керме-Тоо аймактык кеңешине караштуу 218-кварталга 1 даана, Амир-Темур кичи районуна 1 даана, Орке айылындагы Жаны-Чек аймагына 1 даана орнотулууда. Мурда аталган аймактарда транформатор жок болуп, жарыкка күч келип, жарык маал-маалы менен өчүп турган.

Мындан улам жергиликтүү тургандар маселени чечип берүү үчүн шаар жетекчилигине кайрылышкан эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×