Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 10.07.2014 09:11

Алайдын Сары-Могол айылындагы көпүрөнүн курулуш иштери менен райондун акими таанышып чыкты

Turmush -  Алай районундагы Сары-Могол айыл өкмөтүнүн тескей тараптагы жайлоолоруна өтүүчү сууга көпүрө куруп жаткан куруучулар менен райондун акими Т.Сарыбашов жолугушуу өткөрдү, деп билдирет аймактыкк абарчы.

Жолугушуунун жүрүшүндө аким курулуш ишинин сапаттуу жүргүзүлүшүнө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Белгилүү болгондой, көпүрөнүн курулушуна GIZ (Германиялык инвестициялык уюм) тарабынан 428 000 сомдук каражат колдоо көрсөтүлдү.

Бул каражат көпүрөнүн курулушу үчүн жетишсиз болгондуктан, коомчулук тарабынан 120 000 сом акчалай жана 67 000 сомдук жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан да колдоолор көрсөтүлүп, иш кызуу жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×