Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 10.07.2014 09:40

Алай районунда электрондук кайрылуу ишке аша баштайт

Turmush -  Алай райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында КР өкмөтүнүн каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Ализа Солтонбекованын жана КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн уюштуруу-инспектордук иштер жана көзөмөл боюнча бөлүмүнүн башчысы Жусубакмат Турдумаматовдордун катышуусунда семинар өткөрүлдү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, семинарга Алай райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т.Сарыбашов жана Чоң-Алай райондорунун айрым айыл өкмөт башчылары жана бул ишти колго ала турган жооптуу катчылары катышты.

Семинарда А.Солтонбекова электрондук кайрылуулар боюнча кеңири түшүндүрүп берди.

«Эгерде бул иш-чара толук турмушка ашса, анда айыл өкмөттөрдөгү тургундар жазган кайрылууларын Ош, Бишкекке жөнөтүү менен убара болбойт. Тек гана белгиленген электрондук дарек аркылуу кайрылуунун жообун белгиленген мөөнөттө ала алат. Ошол эле учурда КР өкмөт башчысы же айыл өкмөт башчысы жарандарды кайсыл күнү кабыл аларынан да толук кабардар боло алат», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×