Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуЧоң-Алай району 10.07.2014 10:13

Кыргызстандын Чоң-Алай районунун жана Тажикстандын Жерге-Тал районунун бийлиги кызматташууну бекемдеп жана ишкердик үчүн шарт түзүүнү чечишти

Turmush -  Кыргызстандын Ош облусунун Чоң-Алай районунун жана Тажикстандын Жерге-Тал районунун бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусунда ар тараптуу кызматташуу боюнча макулдашуулар болду. Жолугушуу июнь айынын аягында Тажикстандын Вахдат шаарында өткөн.

Аймактык кабарчы билдиргендей, ага акимдердин орун басарлары, айыл башкармалыгынын башчылары, экономика министрлигинин, бажы, ветеринария кызматынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Эки тарап чек ара, бажы, виза жана ветеринардык-санитардык кызматынын карантиндик кызматташуудагы тунуктук маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле, Жерге-тал районунда Чоң-Алай районунун ишкерлери үчүн шарт түзүү жана экинчи тараптын ишкерлери үчүн Чоң-Алай районунда шарт түзүү маселеси белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×