Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусуАраван району 10.07.2014 10:29

Араван жана Ноокат райондорунда бүгүн электр жарыгы болбойт

Turmush -  Ош облусуна караштуу Араван жана Ноокат районунда бүгүн, 10-июль күнү электр жарыгы саат 09:00дөн 17:00гө чейин болбойт. Бул туурасында «Ошэлектр» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, жарыкты өчүрүү пландык-ремонт иштерине байланыштуу. Анда электр чубалгылар жана электр жабдуулар алмашытырылат. Маалымат боюнча, электр жарыгын өчүрүү Араван районунун Төбө-Коргон айылдык башкармалыгында, ал эми Ноокат районунуда: Беш-Тал, Борко, Калинин, Он-Эки-Бел, Нарай, Арал, Кара-Кокту, Капчыгай айылдарында орун алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×