Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу 10.07.2014 12:05

Акыркы 24 саат ичинде түштүктө 9,5 гектар кургак чөп өрттөнүп кетти, - ӨКМ

Turmush -  Акыркы 24 саат ичинде түштүктө 10 өрт кырсыгы катталып, 9,5 гектар кургак чөп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдрди.

Маалыматка ылайык, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айыл аймагынын Достук айылында 4 тонна кургак чөп өрттөнүп кетти. Маалым болгондой, балдардын от менен ойноосу өрттүн келип чыгышана себеп болгон.

Ошондой эле Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл аймагынын Улуу-Тоо жер тилкесинде 0,5 гектар кургак чөп өрттөнүп кетти. Балдардын отко этиясыз мамилеси өрткө себеп болгон.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын четинде жайгашкан Палигон жер тилкесиндеги Ынтымак көчөсүндө жайгашкан мүрзөдөн 1 гектар кургак чөп күйүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагына караштуу Рауд-Кауд айылындагы жергиликтүү фермердин талаасында 1 миң таңгак кургак чөп өрттүнүп кетти. Өрткө балдардын от менен ойноосу себеп болгон.

Жалал-Абад шаарынын «Дачи» кичи районундагы Куруг-Сай жер тилкесинде 3 гектар кургак чөр күйүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×