Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусу 10.07.2014 12:12

ИИМдин Түштүк аймактар боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңги заттарын жеткирүү жана сатуу боюнча улуттар аралык канал жабылды

Turmush -  Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери криминалдык түзүлүштөрдүн негизги каржылоочу булагы болгон баңги заттарын сатууга тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө карата ыкчам иш-чараларды көрүүдө. Бул тууралуу КР ИИМдин Түштүк аймактары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

КР ИИМдин Түштүк аймактары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын жана Ош ОИИБнын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин негизинде издөөдө жүргөн (баңги затын сатуу боюнча кылмыштык топтун мүчөсү) Ош шаарынын 1958-жылкы тургуну Мамаханов Халилилло Набижанович кармалды. Белгилүү болгондой, ал Ооганстандан Орусия Федерациясына ири өлчөмдө баңги затын жөнөтүп турган.

Эске сала кетсек, 2000- жылдын 16-декабрында Х. Мамахановдун үйүн тинтүүгө алганда 831 кг 799 грамм апийим баңгиси табылып, ал 22 жылга эркинен бошотулган. Бирок 2005-жылы Х. Мамахановдун ден-соолуна байланыштуу демилгеленген документтердин негизинде ал камалган жеринен чыгарылган. Ошондой эле 2010-жылдын 8-сентябрында Х. Мамахановго карата эркиндикке чыгаруу токтому жокко чыгарылып, анын негизинде кылмыш иши козголуп, ага издөө жарыяланган.

Мындан тышкары КРнын ИИМдин Түштүк аймактары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында Ош шаарынын тургуну «М.С.» айдап бараткан «О 26 03АВ» мамлекеттик номурлуу «Мерседес-Бенц-320» үлгүсүндөгү автоунаасынан алдын ала дайындалган жашырын жайдан 30 таңгакка оролгон 15 кг 700 грамм героин баңгиси табылды.

Маалыматка ылайык, кармалган «М.С.» аттуу жаран буга чейин баңги заттарынын оор түрүн жеткирүү максатында 3 жолу Москва шаарына каттагандыгы аынкталды. Ага ылайык, ыкчам иш-чаралардын натыйжасында КРнын ИИМдин Түштүк аймактары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңги заттарын жеткирүү жана сатуу боюнча улуттар аралык канал жабылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×