Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу 16.07.2014 11:05

ӨКМдин басма сөз кызматы жарандарды өрт коопсуздук эрежелерин сактоого жана тамеки тартууда сак болууга чакырат

Turmush -  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жарандарды өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого жана тамеки тартууда өрт чыгып кетүү коркунучу бар жерлерде сак болууга чакырат.

Ошондой эле, жай мезгилинде эс алганы талаалар менен токойлорго, жаратылыштын кооз жерлерине чыккан учурда тамеки тартууда, тамак-аш бышыруу үчүн от колдонууда сак болуп, жаш балдардын от менен ойноосуна жол бербөөгө чакырат.

«Ар бир жаран өзүнүн бир эле көз ирмемдеги кайдыгерлиги, кайра орду толгус оор жоготууга алып келээрин унутпаса», - деп эскертет ӨКМ басма сөз кызматы.

Тема боюнча: Республиканын аймагында өткөн бир суткада 20 өрт кырсыктары катталган

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×