Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуКара-Суу району 16.07.2014 14:07

Кара-Суу районунун айыл чарба талаасында ойноп жүргөн бала гранатага окшош нерсе таап алды

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жийделик жергесиндеги Нариман айыл башкармалыгынан «Р. Ш.» аттуу 14 жашар бала айыл чарба талаасында ойноп жүргөн жеринен гранатага окшош нерсе таап алды. Бул тууралуу ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал баланын апасы белгисиз нерсени таап алгандыгы боюнча Кара-Суу РИИБне кайрылган.

Кара-Суу РИИБнин ыкчам иликтөө тобу сырткы түзүлүшү «Ф-1» үлгүсүндөгү гранатага окшош затты экспертизага өткөрүп берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×