Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу 16.07.2014 17:53

Москвада метрополитенде болгон аварияда жаракат алган жарандын абалы орто

Turmush -  Москва шаарындагы (Орусия) метрополитенде болгон авариядан жабыркаган кыргызстандык жаран учурда №20 шаардык клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Бүгүн травматология бөлүмүнө которуу пландалууда, деп билдирди Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, элчиликтин кызматкери Кыргызстандын жараны, Ош облусунда туулган 27 жаштагы Медербек Марасулов жаткан бөлүмдө болду. Дарыгерлер билдиргендей, Медербек ооруканага вертолет менен жеткирилип, абалы кечээ оор болгон болсо, бүгүнкү күнгө карата орто.

Дарылоочу дарыгердин айтымында, Кыргызстандын жаранына зарыл болгон медициналык жардамдардын бардыгы акысыз негизде көрсөтүлүп жатат. Ооруканадан белгилешкендей, М.Марасуловдун дарылануусуна кеткен чыгымдын бардыгын орусиялык тарап өз мойнуна алат.

Ошондой эле, элчилик М.Марасуловдун Москва шаарындагы Гүлзира аттуу тууганына маалымат берди, деп кошумчалады элчиликтин басма сөз кызматы.

Эске салсак, Москва шаарында кечээ, 15-июлда эртең менен жүргүнчүлөрү көп метронун 3 вагону «Парк Победы» менен «Славянский бульвар» станцияларынын аралыгында темир жолдон чыгып кеткен. Мурдараак маалымдалгандай, авариянын кесепетинен улам каза болгондор бар жана жабыркагандардын саны 120 адамга жетти, бирок каза болгондор менен жабыркагандардын так тизмеси аяктай элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×