Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусу 17.07.2014 11:36

Москвада метрополитендеги авариядан Кыргызстандын 1 жараны каза болуп, 5 адам ооруканада дарыланууда

Turmush -  Москва шаарында метронун Арбат-Покровская линиясында жол кырсыгы болуп, каза болгондор катталды, деп билдирди Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы.

Москва метросунда «Жеңиш паркы» жана «Славян бульвары» станцияларынын арасында жол кырсыгы болуп, 106 адам ооруканага жеткирилди. Ошондой эле, 50 адамдын абалы оор бойдон калууда. Ал эми 22 адамдын сөөгү Царицын паркына жайгаштырылды.

Акыркы маалыматтарга ылайык, каза тапкандардын арасында Кыргызстандын жараны 1987-жылкы Мээрим Арунова бар. Ошондой эле, дагы 5 мекендешибиз оор абалда ооруканада дарыланууда.

Каза болгондордун жана жабыркагандардын саны дайыма такталууда.

Тема боюнча: Москвада метрополитенде болгон аварияда жаракат алган жарандын абалы орто

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×