Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуӨзгөн району 18.07.2014 17:37

Москвадагы кыргыз авиакомпаниясынын кеңсесине кол салып, кароолчу өзгөндүк жаранды көкүрөккө атышкан

Turmush -  КР Тышкы иштер министрлиги Москвадагы кыргыз авиакомпаниясынын кеңсесине кол салынып, кароолчу жаракат алган окуя тууралуу маалымат берди.

Тышкы иштер министрлигинин бүгүн, 18-июлдагы билдирүүсү боюнча, 16-июлда элчиликке Москва шаарында (Добрынинская метросунун жанында) саат болжол менен 19:30дар чамасында болжолдуу «КанатЭйр» фирмасына таандык авиакассага кол салынгандыгы тууралуу маалымат берилген.

Ал эми, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча травматикалык ок атуучу курал менен куралданган эркек адам авикасса жайгашкан имараттын ичине чуркап кирип, кассирди көкүрөк тушка атып, 200 миң рубль өлчөмүндөгү акча каражатын алып кеткен, деп белгиленет билдирүүдө.

Жабырлануучу — Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында 1992-жылы туулган Элдияр Эргешов көкүрөк клеткасынан олуттуу жаракат алып, Москва шаарындагы №1 шаардык клиникалык ооруканасына жаткырылды.

Министрликтен белгилегендей, окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу жөнөтүлүп, окуя боюнча топтолгон материалдардын бардыгы тийиштүү органга өткөрүлүп берилди. «Кылмышкердин өзүдүгүн тактоо жана аны кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат. Болжолдуу маалымат боюнча кол салган кылмышкер да Кыргызстандын жараны. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Аталган иш боюнча толук маалымат эртең тергөөчү Чугунков Игорь Иванович менен болгон жолугушуудан кийин берилет», - деп билдирди министрлик.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×