Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуНоокат району 01.08.2014 11:02

Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл аймагында пайда болгон Карамия диний агымы кулачын жаюуда

Turmush -  Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл аймагында пайда болгон Карамия диний агымы кулачын жая баштады.

Алардын билдиргенине караганда, бул диний агымдын идеологиясы боюнча 5 убак намаз бир гана Меккеде окулат, калган жерде окулушу шарт эмес. Ошондой эле, Мухаммед (С.А.В) пайгамбар эмес, жөн гана жаралган бир инсан деген идеологияны карманышат.

Мындан 6 ай мурун алардын саны 300дүн тегерегинде болсо, ал эми азыр алардын саны 1500ден ашат. Диний агымды жаюучулар эч кимге зыяны жок, момун адамдар, бирок ошол адамдар бул агымды тез жайып жатышат, дешет тургундар.

Мындан сырткары, аталган айыл аймакта мечиттерге аялдар, жаш келиндер жана мектеп окуучулары массалык түрдө тартылуу менен барып жатышат. Алардан баруусунун себебин сураганда илим алуу үчүн барып жатабыз деп жатат. Бирок илим алууга күндүз деле барса болот да, дейт өз атын айткысы келбеген жергиликтүү жаран.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×