Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусу, Ош 04.08.2014 10:13

Ошто каналга чөгүп кеткен 3 жашар кыздын сөөгү табылды

Turmush -  Ошто каналга кичнекей кыз түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Шакиров көчөсүндөгү «Увам» каналына үстүбүздөгү жылдын 1-августунда саат 18:30дар чамасында 2011-жылы төрөлгөн Ош шаарынын тургуну Фатима Бегалиева чөгүп кетти. (Шакиров көчөсү, №8 үй, 53-батир).

Маалым болгондой, издөө иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча куткаруу кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, 2-август күнү саат 07:10д- сөөгү табылып, ата-энесине берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×