Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусуНоокат району 04.08.2014 12:52

Ноокаттагы Ош — Баткен — Исфана унаа жолунда «Портердин» айдоочусу бензовозду сүзүп, 3 адам каза болду

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылында 3-август күнү саат 23:05те Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 67-чакырымында (мамномери О68-35АД) «Портер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун четиндеги токтоп турган бензовозду сүзгөн. Жол кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болду.

ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, ӨКМдин Кызыл-Кыя шаарындагы №4 өзунчө мобилдик Тоо-Кен куткаруу взводу куткаруучулары, каза болгондордун унаага кыпчылып калган денелерин чыгарып, Ош облустук ооруканасынын өлүкканасына жеткиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×