Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусу 08.08.2014 18:00

Оштогу эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча кылмыш иши сотко өткөрүлдү

Turmush -  Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча кылмыш иши сотко өткөрүлдү, деп маалымдайт Башкы прокуратура.

«Азаттыкта» маалымдалгандай, 2013-жылы көпүрө куруу боюнча тендер туура эмес өткөнү жана долбоорго бөлүнгөн каражаттар мыйзамсыз берилгени боюнча кылмыш иши козголгон.

Анын алкагында шаардык мэриянын үч кызматкерине «кызмат абалынан аша чапкан», «мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөн» жана «мыйзамсыз тендер өткөргөн» деген айып тагылган.

Кылмыш иши боюнча Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматов да бир нече жолу суракка чакырылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×