Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 11.08.2014 12:30

Чоң-Алай РИИБнын жетекчиси акимдин орун басары менен тажик чек арачылары тарабынан кармалган КРнын жарандары менен жолугушууга Тажикстанга жөнөп кетти

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай РИИБнүн жетекчиси Таалай Калбердиев аталган райондун акиминин орун басары менен бирге бүгүн, 11-августта 9-август күнү тажик чек арачылары тарабынан Кыргызстандын жараны өлтүрүлүп, дагы экөө колго түшүрүлгөн Тажикстандын Жерге-Тал районуна жөнөп кетишти. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 9-августунда саат болжолу 17.30да (Лайсуу мөңгүсүнүн аймагы) Тажикстандын чек ара кезмети менен атчан белгисиз 3 куралдуу адамдын ортосунда атышуу болуп, натыйжада 1 жаран көз жумган.

Тажик тараптын билдирүүсүндө эки жаран кармалган. Ошондой эле, жаңжал болгон жерден 8 патрону менен 7,62 мм калибрлүү мергенчилик курал, аз калибрлүү ТОЗ-8 мылтыгы, чет өлкөдө жасалган 1 дүрбү жана 2 ат табылды. Кийин белгилүү болгондой, аталган үч жаран Кыргызстандын Ош облусунун Чоң-Алай районунун жашоочулары болушкан.

Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдагандай, Кечээ, 10-августта өлгөн жарандын сөөгү кыргыз чек арачыларына берилип, андан ары тийиштүү экспертизаларды жүргүзүү үчүн Оштун укук коргоо органдарына өткөрүлдү.

Кыргызстандын эки жараны Тажикстандын Жергетал районунун УКМКсынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Алдын ала болжолдоолор боюнча, Кыргызстандын жарандары Тажикстандын аймагында мергенчилик менен алектенип келишкен.

Ош ОИИБ маалымдагандай, Чоң-Алай РИИБнүн жетекчиси менен аталган райондун акиминин орун басары иликтөө жүргүзүү жана алардын абалы менен таанышуу макскатында Чоң-Алай районунун кармалган тургундары менен жолукмакчы.

Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсүндө бүгүн, 11-августта КРнын чек арасынын Ош тилкеси боюнча өкүлдөрү менен Тажикстандын Жерге-Тал тилкеси боюнча өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×