Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 11.08.2014 14:52

ИИМдин Оштогу башкармалыгы Жерге-Тал районунда тажик чек арачылар тарабынан кыргызстандык жаран өлтүрүлгөн жаңжал боюнча кененирээк маалымат берди

Turmush -  ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы, 9-августта Тажикстандын Жерге-Тал жеринде жаңжал чыгып, натыйжада Кыргызстандын бир жараны каза болгон окуяны кененирээк маалымдайт.

ИИМдин башкы башкармалыгынын билдирүүсүндө кечээ, 10-августта саат 11:00 чамасында Тажикстандын Ляхшы милиция бөлүмүнүн жетекчиси Нематилла Рахманов телефон аркылуу Чоң-Алай РИИБдин Карамык милиция бөлүмүнүн башчысы С.Бакировго Жерге-Тал районунда Чоң-Алай районунун тургундары менен болгон окуяны айтып берген.

Анын айтымында, Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылынын 36 жашар тургуну Аликин Кашеков, Карамык айылынын 30 жашар тургуну Давлатбай Гаимов жана 28 жаштагы Бекмырза Матирзаев 9-август күнү саат 16:30 чамасында Тажикстандын Жерге-Тал районундагы Ылай-Суу жергесинде мергенчилик кылып жүрүп, чек арачылардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен аларга куралдуу каршылык көрсөтүшкөн. Натыйжада, А.Кашеков тажик чек арачылары тарабынан атылып, калган экөө ТРнын Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилген.

Ал эми, каза болгон А.Кашековдун сөөгү кечээ, 10-августта Кыргызстан жана Тажикстандын нейтралдуу аймагында Чоң-Алай РИИБдин ыкчам тобунун кызматкерлерине өткөрүлүп, Чоң-Алай райондук ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген.

Андан соң соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү максатында, сөөк Ош шаарына жеткирилди. А.Кашековду акыркы сапарга узатуу бүгүн, 11-августта өттү.

Аталган факт Чоң-Алай РИИБдин каттоо китебинде №71 номери менен катталды.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы маалымдагандай, бүгүн, 11-августта саат 07:00дө Чоң-Алай РИИБдин жетекчиси Таалайбек Калбердиев, Чоң-Алай районунун акиминин орун басары Ысмайыл Тагаев, аскер бөлүмүнүн башчысы Зиябидин Бегматов, Карамык чек ара тозотунун башчысы Алберт Маткасымов, Карамыктын жергиликтүү тургундары Узакбай Матирзаев, Сабыр Матирзаев, Анапия Тагаев, Зикирали Жаркынов жана Кара-Тейит айылынын тургундары Калил Гаимов, Абдышүкүр Гаимов, Мурза Муратов, Мамарасул Мурзакулов жергиликтүү бийлик менен жолугуу жана кармалгандарды бошотуу максатында Тажикстандын Жерге-Тал аймагына жөнөп кетти.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×