Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусуЧоң-Алай району 12.08.2014 09:38

Тажикстан тиешелүү юридикалык процесстер бүткөн соң, Кыргызстандын жарандарын өткөрүп берүү процессин тездетүүгө убада берди, - КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы

Turmush -  Кыргыз жана тажик делегациясы кечээ, 11-августта Тажикстандын чек ара кызматында атышууда Кыргызстандын жараны каза болгондугуна байланыштуу жолукту.

КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдагандай, кыргыз тараптан Кыргызстандын Ош тилкеси боюнча чек ара өкүлдөрү, Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун укук коргоо жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барышты.

Ал эми тажик делегациясында Тажикстандын Жерге-Тал жергеси боюнча чек ара өкүлдөрү, аскер прокурору жана Жерге-Тал аймагынын прокурору болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тажик тарап Тажикстандын чек арачылары менен Кыргызстандын 3 жаранынын ортосунда болгон атышуу жөнүндө маалыматты ортого салды.

Тажикстандын чек ара өкүлдөрү билдиргендей, учурда аталган факт боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

«Жолугушуунун жүрүшүндө тажик тарап Кыргызстандын Ош жергеси боюнча чек ара өкүлдөрүнүн тажик тараптан жүргүзүлүп жатакан ыкчам иликтөө иш-чаралары аяктаган соң биргеликте эки тараптуу иликтөө жүргүзүү сунушун кабыл алды», - деп билдирет Мамлекеттик чек ара кызматы.

Мындан тышкары, кыргыз тарап каза болгон жарандын үй-бүлөсүнүн жактоочусунун иликтөө тобунун ишмердүүлүгү менен таанышуусуна мүмкүнчүлүк берүү талабын койду.

Кыргызстан жана Тажикстандын делегацияларынын жолугушуусунун аягында кармалган адамдардын ата-энелери Тажикстандын чек ара өкүлдөрү менен жолугушуп, тажик тарап жакын арада кармалган жарандардын ата-энелери менен телефон аркылуу байланышын уюштуруп берүүнү убадалашты.

Белгилей кетсек, 9-августта болгон атышууда кармалган жарандар учурда Жерге-Тал районунун УКМКнин убактылуу кармоочу жайында.

«Тажик тарап тиешелүү юридикалык процесстер бүткөн соң, Кыргызстандын жарандарын өткөрүп берүү процессин тездетүүгө убада берди», - деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматы.

Белгилей кетсек, Тажикстандын аймагындагы Тупакүл жергесинде 9-август күнү саат 17.30 чамасында (Лайсуу мөңгүсүнүн аймагы) Тажикстандын чек арачылары менен атчан белгисиз адамдар ортосунда атышуу болгон.

Тема боюнча: Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп, Кыргызстандын бир жараны каза тапты, экөөсү камакка алынды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×