Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 15.08.2014 10:26

Кызыл-Арт ашуусунда кыргыз-тажик чек арасында 33 кг баңги заты менен Тажикстандын 3 жараны кармалды

Turmush -  Ош чек ара кезметинин чек арачылары Баңги заттарын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте бүгүн, 15-августта Кыргызстандын аймагындагы Кызыл-Арт ашуусунда (Чоң Алай тоосунда) кыргыз-тажик чек арасынан 3 км узактыкта 33 килограмм баңги затын алып бараткан Тажикстандын 3 жаранын кармашты. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чек арачылар мыйзам бузуучулардын токтоосун талап кылгандыгына карабастан алар жашынууга аракет кылышкан. Мамлекеттик чек араны бузгандарды кармоодо чек ара кезмети тарабынан курал колдонулду.

Маалым болгондой, жабыр тарткан жок.

Ведомствонун билдирүүсүндө, тиешелүү документтер толтурулган соң, андан аркы иликтөө иштерин жүргүзүү максатында кармалгандар тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилмекчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×