Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 18.08.2014 11:11

Ош облусунда Тажикстандын үч жараны 26 кг ашуун баңги зат менен кармалды

Turmush -  Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери ири партиядагы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана аны аныктоого багытталган атайын операция жүргүзүштү.

Аталган ведомствонун басма сөз кызматы 18- августта билдиргендей, оперативдүү-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катыштыгы бар Тажикстандын жарандары жөнүндө маалымат алынган.

Операциянын ишке ашыруу үчүн Алай багытында 15-августта «Кара-Куурай» операциясынын жүрүшүндө Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери, Түштүк- Батыш бажы кызматынын кызматкерлери тартылган.

Кабыл алынган чаралардын жыйынтыгында, кыргыз-тажик чек арасында Ош облусунун Алай районунун «Кызыл-Арт» ашуусунда Тажикстандын жарандары 1975-жылы туулган И.С, 1988-жылы туулган М.Ж, 1992-жылы туулган С.А, кармалышкан. Аларды текшерүүдө рюкзак сумкасынан китеп түрүндө бастырылган, кара-күрөң түстөгү атайын спецификалык жыты бар «гашиш» баңгизаты бар 27 баштыкча табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын бүтүмүнө ылайык, табылган зат 26 кг 759 грамм салмактагы «гашиш» баңгизаты экендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, аталган кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо боюнча оперативдүү-тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×