Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусуНоокат району 16.09.2014 15:21

Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтү жаңы бала бакча ачуу үчүн банктын имаратын 6 млн сомго сатып алды

Turmush -  Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңы балдар бакчасын ачуу үчүн банктын имаратын 6 млн 48 миң сомго сатып алды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Ныяз Козуев билдирди.

Анын айтымында, учурда ага 4 миллион сом акча каражаты которулуп берилди. Эми аталган айыл өкмөтү «Росинбанктын» имаратын бала бакчага айландыруу багытында иштер жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×