Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусуНоокат району 16.09.2014 15:47

Ноокатта күз-кыш мезгилдерине карата даярдыкты талкуулаган аппараттык жыйын болуп өттү

Turmush -  Бүгүн, 16-сентябрда Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында райондогу айыл өкмөттөрүнүн башчылары, мекеме уюмдардын жетекчилери жана райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат кызматкерлери менен бирге аппараттык жыйын болуп өттү, деп билдирди райадминистрациянын басма сөз кызматы.

Жыйында учурдагы райондун аймагындагы 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдыгы жөнүндө айыл өкмөт башчыларынан жана мекеме-уюмдардын жетекчилеринен аткарып жаткан иштери боюнча суралды.

Башкача айтканда, күз-кыш мезгилдерине карата көмүр даярдоо, электр энергиясы, жылуулук системаларынын даярдыгы тууралуу талкууланды.

Райондун акими Б.Айтиев 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдыгынын жүрүшү тууралуу айыл өкмөт башчыларынан жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринен маалыматтарды алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×