Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 17.09.2014 10:41

Ошто 5226 үй-бүлөгө электр плиталары жана газ баллондор берилет

Turmush -  Ош шаардык кеңешинин 17-сентябрында өткөн сессиясында вице-мэр Кутманалы Абдрахман уулу Ош шаарынын тургундарын электр плиталары жана газ баллондор менен камсыздоо чаралары тууралуу билдирди.

Анын айтымында, орусиялык гранттын негизинде Ош шаарынын 5226 үй-бүлөсүнө электр плиталары жана газ баллондор берилет. Алардын ичинен 1,7 миң жеке турак-үйдүн ээлери жана 3451 көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары газ баллондор менен камсыз болот.

К.Абдрахман уулу билдиргендей, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмеси аймактык кеңештер тарабынан даярдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×