Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 17.09.2014 11:01

Оштун аймактык кеңештеринде газ колдонуу эрежелери боюнча семинар өткөрүү керек, - депутат Д.Кокочоров

Turmush -  Ош шаарында көпчүлүк суюлтулган газды колдонуунун эрежелерин билбегендиктен, аны колдонуудан коркушат. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин депутаты Дөөлөтбек Кокочоров билдирди.

Анын айтымында, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдө балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар көп.

«Советтер Союзу мезгилинен бери аны колдонууну унутуп калышкан. Андыктан Газ чарбасынын Ош башкармалыгынын кызматкерлери ар бир аймактык кеңештерде газ плиталарын жана суюлтулган газ баллондорун колдонуу эрежелери боюнча семинар өткөрүүлөрү керек», - деп билдирди депутат.

Белгилүү болгондой, Ош шаарында үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта жаратылыш газынын жоктугуна байланыштуу шаардыктардын көбү суюлтулган газды колдонууга өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×