Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу 17.09.2014 11:59

Борбордогу эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча экинчи тендерди өткөрүү мыйзамсыз, - депутат Р.Мырзаматов

Turmush -  Ош шаарынын Навои көчөсүндө салынып жаткан эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча экинчи тендер мыйзамсыз өткөрүлдү, анткени 2013-жылдагы биринчи тендердин жыйынтыгы четке кагылган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда өткөн Ош шаардык кеңешинин сессиясында депутат Рустам Мырзаматов билдирди.

Анын айтымында, сот биринчи тендердин жыйынтыгын чекке каккан соң кайталап тендер өткөрүү керек.

Белгилей кетсек, Ош шаардык соту 2013-жылы тендерди өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишти кароодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×