Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Озгон 17.09.2014 15:10

Өзгөндүн көчөлөрүндө катуу ылдамдыкка каршы белгилер орнотула баштады

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн шаарында бир катар аймактарда жана борбордук көчөлөрдө катуу ылдамдыкка каршы белги (лежачий полицейский) орнотуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу шаар администрациясы билдирди.

Маалым болгондой, бул иш-чара Өзгөн шаарынын жолдорунда жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол эрежелерине баш ийип айдоону профилактикалоо максатында жүргүзүлүүдө.

«Катуу ылдамдыкка каршы белгилерди орнотуу зарылчылыгы адам өмүрүн алган түнкү унаа жарыштардан улам келип чыкты. Өзгөн шаардык мэриясы бул маселеге «Гузар1», «Гузар», «Мажүрүм-Тал» жана «Жузумзар» аймактарында жашаган тургундардын өтүнүчүнө ылайык көңүл буруп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзө баштады», - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, катуу ылдамдыкка каршы белгилерди орнотуу долбоору шаардык бюджеттен каржыланууда.

Белгилей кетсек, аталган белгилерди орнотууга зарыл болгон атайын жабдуулар сатылып алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×