Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
БаракелдеЖумгал району, Бишкек 22.09.2014 14:10

Жумгалда волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш-чарасынан (фоторепортаж)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда 19-20-сентябрь күндөрү болуп өткөн райондун кубогуна арналган волейбол оюну боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталып, алдыга чыккан жеңүүчү командаларга акчалай сыйлыктар жана райондун кубогу менен медалдар тапшырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев, ыкчам башкаруу башкармасынын орун басары Урматбек Шамырканов, Нарын облусунун мурдагы губернатору Канат Муратбеков, жеке ишкер Жыргал Турускулов жана район акими Адылгазы Исагуловдор катышты.

Мелдешке жалпы райондон 11 команда катышып, алдыңкы финалдык турга өткөн 4 курама командадан 1-орунду алышкан Көк-Ой курама командасына райондун кубогу жана 30 миң сом сыйлыгы, 2-орунга Чаек айылынын волейбол командасы келип, аларга 20 миң сом. Ал эми 3-орунга Кызыл-Жылдыз командасы келип, 15 миң сом байге алышса, 4-орунга келген Байзак командасы 10 миң менен сыйланышты. Ошондой эле калган командалар менен катышкан командаларга да сыйлыктар ыйгарылды.

Андан тышкары мыкты оюнчу, мыкты команда, мыкты чабуулчу жана мыкты калыс номинацияларынын ээлерине сыйлыктар берилди.

«Динамо» волейбол командасына 20 миң, «Теңир-Тоо» командасына 10 миң сом сыйлык берилди. Ошондой эле мелдешти уюштуруу жана өз тартиби менен өткөргөн Жумгал райондук дене-тарбия жана спорт бөлүмүнө, райондук маданият тармагына ыраазычылыктар айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×