Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
БаракелдеЖумгал району, Бишкек 23.09.2014 10:18

Фото - Жумгал районунун Куйручук айылындагы «Теке» булагы кароосуз калды

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Куйручук айыл аймагынын көчө боюндагы жер алдынан чыккан муздак суу аталган «Теке» булагы учурда кароосуз калган. Мындай маалыматты жергиликтүү активисттер билдиришти, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы. 

Алардын айтымдарында, учурда аталган жай кароосуз калган. Булактын айланасы таштандыга толуп, акыр-чикирден арылбай көңүл бурулбай келет. 

«Куйручук айылы менен Түгөл-Сай айыл аймагынын ортосун кошуп турган бул Теке булагы көп жылдардан бери муздак таза суу булагы катары колдонулуп келет. Жергиликтүү жүргүнчүлөр жол жүрүп баратып бул жерге токтоп, тилек айтышып, суудан кере жутушат. Айрымдары атайын сыйынганы келип, зыярат кылып кетишет. Азыр Аркардын айкели турган бул жер өз убагында каралбай жатат. Жада калса аркардын өңү өчүп, алдындагы тизилген таштар урап калган. Бул аймакка таштанды төгүлүүчү урналардын жоктугунан улам таштандылар чар-жайыт ташталган», - дейт айыл тургуну Нурлан Асылбеков.

Ал кошумчалагандай, бул жерде көп эле ашкана жана соода түйүндөрү орун алган, буларга милдетти жана тазалыкты жүктөп коюшса мындай кароосуз калмак эмес. 
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×