Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
БаракелдеАк-Талаа району, Бишкек 23.09.2014 17:52

Ак-Талаа районунда «Биз Кыргызстандыкбыз» аттуу атуулдук ырлардын сынагы башталды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Маданият бөлүмүндө Кыргыз Республикасында элдин биримдигин чыңдоо концепциясын ишке ашыруу максатында «Биз Кыргызстандыкбыз» аттуу атуулдук ырлардын жыл сайын өткөрүлүүчү кароо-сынагы болууда. Бул туурасында Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
                
Айтылган кароо-сынакты өткөрүү туурасында КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-октябрындагы №430-б буйругунун негизинде уюштурулууда.
                
Конкурстун максаты, Кыргыз музыкалык маданиятынын алтын корунан омоктуу орун алган, Кыргызстандын жерин, элин даңазалаган патриоттук ырларды кеңири жайылтуу жана жалпы элдин энчисине айландыруу, жогорку көркөмдүктө элге жеткирүү жана урпатарга мурас калтыруу боюнча райондук Маданият үйүндө кароо-сынак уюштурулуп, ага 4 конкурсант катышууда.


Кароо-сынак калыстар тарабынан каралууда. конкурстун жеңүүчүлөрү Бишкек шаарына жолдомо алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×