Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
БаракелдеАк-Талаа району, Бишкек 24.09.2014 08:30

Ак-Талаа районунда бала-бакча кызматкерлери арасында облустук деңгээлде «Ыр-кесе» кароо сынагы башталды (фото)

Turmush -  
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата облустук деңгээлде райондор аралык жана Нарын шаардык бала бакчалардын кызматкерлеринин ортосундагы «Ыр кесе» кароо-сынагына өткөрүүлүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка карасак, учурда райондогу «Тынчтык» бала бакчасында даярдыктар кызуу көрүлүүдө. Кароо-сынакта кыргыз бийлери, патриоттук ырларды аткарышып, андан сырткары, коомдогу терс көрүнүштөрдү сынга алган тарбиялык маанидеги драмалар коюлууда.

Кароо сынак Нарын облустук билим берүүнүн усулдук борбору тарабынан уюштурулуп жатат. Мында аткарылган мыкты номерлер тандалып, Нарын драмтеатрында көрсөтүлүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.

Ошондой эле, ал кароо-сынак Ак-Талаада 27-сентябрь күнү өткөрүлөт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×