Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баракелде, Бишкек 24.09.2014 09:58

Фоторепортаж - Өзгөн шаары тарыхый маанилүүлүгү боюнча Борбор Азиядагы Самарканд, Бухара, Хива шаарлары сыяктуу эсептелинет

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн шаары райондук маанидеги шаар болуп эсептелинет. Өзгөн шаары Жазы-Кара-Дарья дарыя аралык, Ош шаарынын облустук борборунан түндүк-чыгыштан 56 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 1025 метр бийиктикте жайгашкан. Шаардын жалпы аянты 10,2 чарчы метрди түзөт. Шаардын аймагы Жогорку жана Төмөнкү Өзгөн болуп эки участокко бөлүнөт. Негизги коммерциялык ишканалар Жогорку Өзгөндө жайгашкан.

Төмөнкү Өзгөн шаары түндүк жеринен Баш-Дөбө айыл башкармалыгына ыкташкан, чыгыш тарабынан «Тамеки» кооперативи, түштүгүнөн Мамлекеттик балык чарба жерлери ыкташкан. Өзгөн шаарында кыш узакка созулбайт, салыштырмалуу жылуу болот. Жаз жана күз айлары акыркы 10 жылдыкта жаанчыл деп мүнөздөлөт. Ал эми жайкысын ысык жана кургак болот.

Өзгөн шаарынын калкынын саны 51918 адамды түзөт, алардын ичинен 25439 эркектер жана 26479 аялдар болуп эсептелинет. Шаарда 24 этникалык топтордун өкүлдөрү жашашат, анын ичинде өзбектер - 45803, кыргыздар - 4281, орустар - 201, тажиктер — 48, уйгурлар — 364 жана башкалар топтордун өкүлдөрү - 1221. Шаарда 8 жалпы билим берүү мектеби иштейт, 1 музыкалык мектеп, 3 бала бакча, университеттин филлиалы жана медициналык колледж бар. Байыркы Өзгөн шаары тарыхый маанилүүлүгү боюнча Борбор Азиядагы Самарканд, Бухара, Хива шаарлары сыяктуу эсептелинет.

Өзгөн шаарында эски чептердин калдыктары жана археологиялык урандылар сакталып калган, ошондой эле XI-XII кылымдардагы белгилүү адамдардын көргө коюулары жана мазарлар да бар. Ошондой эле, XIX кылымдар «Гузар» жана «Ташлак» махаласында курулган мечиттер дагы жакшы сакталып калган.

40_big

055

452415

0445

0545

0554

0646

05463

05645

445466

452415

0455586

4545656

DSC_0831

getImage

getImage (1)

getImage1

getImage6

getImage (13)

photo_389ee78bd

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×