Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусу, Ош 30.01.2014 16:42

Ош прокурору Шакир уулу Атай: ЖОЖдордогу паракорчулукка ар дайым эле мугалимдер күнөөлүү боло бербейт (фото)

Turmush -  

ЖОЖдордогу паракорчулукка дайыма эле мугалимдер күнөөлүү болбойт, деп билдирди Ош шаарынын прокурору Шакир уулу Атай кечээ, 29-январда укук коргоо, фискалдык жана башка органдардын кезектеги координациялык кеңешинде.

Жыйында 2013-жылдын 12-ноябрында чыккан «Бийлик органдарында саясий, системалуу паракорчулукту жоюу боюнча чаралар жөнүндө» президенттин жарлыгын ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Ал белгилегендей, «студенттер өз күчү менен сынак бере албай калып, пара берүү үчүн мугалимге чуркап барган учурлар болот. Муну менен аларды кылмыштуулукка түртөт».

«Мугалимдер — бул каарман кесиптин, камкордугу алдындагыларга карата гумандуу мамиле кылган кызматкерлер. Биз дайыма пара берген студенттердин гана арыздарын карайбыз. Оң баа алыш үчүн акча сунуштаган студенттерге карата мугалимдерден бир да жолу арыз түшкөн жок», - деди Атай Шакир улуу.

Ош шаарынын прокурорунун айтымында, «студенттер жана мугалимдер пара берүү кылмыш иши болуп саналарын түшүнүшү керек».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×