При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Өзгөн шаарында өтүп жаткан «Күрүч фестивалынан» фоторепортаж

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн шаарында бүгүн, 24-октябрда эл аралык «Күрүч фестиваль» өтүп жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, анда 10дон ашык боз үй тигилген.

Уюштуруучулардын айтымында, фестивалды өткөрүүдөгү башкы максат - күрүч өстүрүү чарбасына, дегеле күрүч өстүргөн дыйкан-фермерлердин маселесине, кыргыз жеринде өндүрүлгөн күрүчтүн түрү менен сапатына коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.

Жергиликтүү эл, андан тышкары күрүч өсүмдүгүн өстүрүү жана жыйнап алуунун илгертен келе жаткан салттарын оюн-зоок аркылуу чагылдырат.

Иш-чара илимий-практикалык, маданий программалар менен коштолот.

Бул арада чет элден келген күрүч өндүрүүчүлөр өз ара тажрыйба алмашат. Фестивалга Япония, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Корея, Кытай мамлекеттеринен өкүлдөр катышууда.

А 0

А 2

А 3

А 4

А 5

А 6

А 7

А 8

А 9

А 10

А 12

А 13

А 14

А 15

А 17

А 16

А 18

А 19

А 20

А 21

А 22

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1682
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу