Turmush — Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында ашказан рагына чалдыккан бейтапка алгачкы жолу операция жасалды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, операцияны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы — хирург, онколог Жанек Белеков эндокопист, онколог, хирург Өмүрбек Алишов менен биргеликте жасады.
«Бүгүн ОшМУнун тарыхында алгачкы жолу ашказан рагына операция жасалды. Операция 4 саат созулду. Анткени ракка жасалчу операциялар узак убакытта өтө кылдаттык менен жасалат. Акыркы медициналык көндүмдөрдү колдонуу менен бейтаптын ашказына операцияны ийгиликтүү жасап бүттүк», - деди Жанек Белеков.
ОшМУнун медициналык клиникасынын операциялык обочосунда мындан ары операциялардын бардык түрү жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.
Февраль айында клиникага 2022-жылы чыгарылган 4-1 лопороскоп аппараты алынып келинет. Ал аппарат аркылуу абдоминалдык хирургия, гинекология, боор жана урология багыттарында операция жасоого болот.
2022-жылдын декабрь айында клиника үчүн окуу жай тез жардам унаасын да сатып алган.