Turmush — Ош технологиялык университетинин окутуучулары «ESAUD - 2023» архитектура, урбанистика жана дизайндын биринчи Евразиялык симпозиумуна катышып келишти.
Иш-чарада архитектурадагы, курулуш багытындагы жаңы, заманбап технологиялардын пайда болушу, алардын адамзат коомунун өнүгүшүнө тийгизген таасири тууралуу кеңири маалыматтар айтылды. Ошондой эле курулуш жана архитектуралык дизайн багытына тиешелүү болгон бир топ илимий долбоорлордун ишке ашырылышы, аларды өндүрүшкө киргизүү, пайдалануу, билим берүү жана кадр даярдоодо эл аралык стандартка ылайык келүүсү тууралуу кеңири талкуу болду.
Симпозиумдун жыйынтыгы менен ар бир катышуучуга сертификаттар берилди. Биздин окуу ректор Жанболот Турсунбаевге симпозиумдун жыйынтыгы менен диплом жана атайын төш белги тапшырылды.