Turmush — Айтматов районунун Шекер айылындагы жубайлар Саматбек Рыспаев менен Айгүлай Тазабекова Германия, Кытайдан келген конокторду тарыхыбызды көрсөтүү менен таң калтырууда. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.
Саматбек Рыспаевдин айтымында, учурда 59 жашта.
«Жубайым экөөбүздүн турмуш курганыбызга 37 жылдын жүзү болду. Жубайым экөөбүз таанышкан учурда ал 8-класста окуучу. Анын жеңеси биздин айылда саанчы болуп иштечү. Менин апам дагы саанчы эле. Ошол жерден таанышып, сүйлөшүп калдык. Мен аскерге кетип жаткан учурда да жубайым окууга тапшырган учур эле. Мен аскердик милдетимди аткарып келдим, жубайым окуусун аяктап калды. Экөөбүз андан соң 2 жылдан кийин баш коштук. Экөөбүз жаңы таанышкан учурда, 8-классында эле үйлөнөм деп көп айтчумун. Экөөбүз 4 жыл сүйлөшкөн соң гана баш коштук. Кудайга шүгүр, экөөбүз бактылуубуз. Бардык максаттарыбыз ишке ашып жатат. Бири-бирибизди сүйүп, түшүнүп жашап жатабыз. Ушунча убакыт өтсө да, үй-бүлөдө болгон уруштан алыспыз. Мен кайын журтумду кандай сыйласам, жубайым да кайын журтуна ушундай мамиле кылат. Бул мамилебиз үчүн бизде бактылуу гана убакыттар өтүп жатат.
Келинчегим экөөбүз үйлөнгөн учурда мен Күркүрөө маданият үйүндө актёр катары иштечүмүн. 1983-1984-жылдары эле. Ал учурда гастролдоп Бишкек шаарына чейин барып келчүбүз. Келинчегим үйдө эле. Келинчегиме ыраазымын. Ал мен кеткен учурда, үйдө ата-энемди карап, үй жумуштары менен алек эле. Мага да колдоо көрсөтүп турчу. Азыркы учурда да иштеп жатам. Жалпы 25 жыл маданият тармагында стажым бар. Эч кандай жаман сөз айткан, кызганган учурлар болгон жок.
Жаш үй-бүлөлөр бири-бири менен сүйлөшүп, таанышып, түшүнүшүп, андан соң гана баш кошсо бактылуу, ынтымактуу үй-бүлөнү жаратат. Үй-бүлөдө кызганыч эч болбош керек.
Үй-бүлөдө 5 кыз, 1 уулубуз бар. Кыздарыбыздын мектепте, университетте окушат. Неберелүү болгонбуз. Уулум жана келинибиз экөө тең экономист.
Атам мугалим болуп эмгектенди. Завуч , директор болуп иштеди. Атам пенсияга чыккан соң, багбанчылык менен алектенди. Чыңгыз Айтматов атабыздын үйүндөгү бак-дарактарды да карачу. Айтматовдун мааракелеринде келген конокторубузга бардык тарыхыбызды көрсөтүп, аларга көптөгөн кызыктуу окуяларды айтып беребиз.
Чоң атам согуш учурунда согушка кетип дайынсыз жоголгон экен. Көп жыл аралыгында издеп, бирок эч кандай маалымат жок болгон экен. Чоң атамдын атасы жолоочуларду жолдон токтотуп, чай болсо да берчү экен. Мен да ошентип, бардык чет өлкөлүк, өзүбүз жактан келген коноктордун баарын коноктоо биз үчүн салтка айланып калды. Чет өлкөлүк конокторубуз Америка, Германия, Кытай жана башка өлкөлөрдөн келип, биздин тарыхка кызыгышат.
Азыр маданият үйүндө жетекчи болуп иштеп жатам. Маданият кызматкерлери ар кандай драмаларды коюп, китепканабызды окуучулар, окурмандарыбыз үчүн китептерди даярдап, бала бакчадагы балдарыбызга ар кандай оюн-зоокторду, сынактарды уюштуруп келишет. Айылдан чыккан акын-жазуучуларыбыздын бурчтарын уюштуруп жатабыз. Келген чет өлкөлүк жана өзүбүздүн мамлекетибиздин ар бурчунан келген конокторубузга жакшы маалыматтарды берип, тарыхыбызды көрсөтүп келебиз. Айыл аксакалдарыбыз, жаштарыбыз, айылыбыздын тургундары да конокторубуз келген учурда жардам беришип, ынтымакта жашашат. Мен баарына ыраазычылык айткым келет», - деди ал.
Жубайы Айгүлай Тазабекова жолдошуна ыраазы экенин кошумчалады.
«Жолдошум ушул 35 жылдан бери бир дагы жолу кол көтөргөн, урушкан убакыт болгон жок. Экөөбүз бири-бирибизди сыйлап жашап жатабыз. Азыркы учурда таене, таята, чоң ата, чоң энебиз. Неберемди багып үйдөбүз. Уулум, келиним да иштешет. Атам (кайнатам) 83 жашында каза болгон, ал эми апам (кайын энем) 90 жашта. Балдарыбыздын баары жогорку билим алып жатышат», - деди ал.